Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

"Матилда" тасмасын Казакстанда көрсөтпөө сунушталды


"Матилда" тасмасынын жарнамасы. Орусия, Владивосток. 11-сентябрь, 2017-жыл.
"Матилда" тасмасынын жарнамасы. Орусия, Владивосток. 11-сентябрь, 2017-жыл.

Казакстандагы «Арман» кинотеатрынын директору Бауржан Шукенов Орусиянын православ дининин өкүлдөрүнөн режиссер Алексей Учителдин «Матилда» тасмасын көрсөтүүдөн баш тартууга үндөгөн кат алганын билдирди.

Мындай кайрылуу кинотеатрлардын директорлоруна жана кино боюнча менеджерлерге жолдонгон.

Аталган тасманын Орусияда көрсөтүлүшүнө каршы акциянын башында турган орус Мамлекеттик думасынын депутаты Наталья Поклонская фильмдеги канзаада Николай II менен бийчи Матилда Кшесинскаянын сүйүүсү диний ишенимге шек келтирерин айтып келет.

Тасма сатыкка 26-октябрдан тарта чыгарылат.

XS
SM
MD
LG