Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Жалал-Абадда Бабановдун жарнактары айрылды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы үч айылда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жарнактары айрылды. Талапкердин аймактык штабынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, Барпы, Бек-Абад, Кара-Дарыя айылдарында 13-сентябрдын түнүндө Бабановдун көрнөк-жарнактары жыртылган.

Аймактык штаб бул боюнча милицияга арыз жазды.

Буга чейин да Жалал-Абад шаарында, Ошто жана Нарын облусунда ушундай окуя катталганы, талапкердин үгүт ишине бут тосуулар болгону айтылган. Башкы прокуратура аны иликтөө боюнча Шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүү штабына тапшырма берген.

Бут тосуулар тууралуу талапкерлер Темир Сариев жана Бакыт Төрөбаевдин да өкүлдөрү да айтып чыгышкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG