Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Казак президенти Өзбекстанга жана Түркмөнстанга барат


Казак жана өзбек президенттери Түштүк Казакстанда жолуккан учур. 29-апрель, 2017-жыл.
Казак жана өзбек президенттери Түштүк Казакстанда жолуккан учур. 29-апрель, 2017-жыл.

Нурсултан Назарбаевдин бул эки коңшу өлкөгө жумушчу сапарлары 16-17-сентябрга белгиленген.

Ак ордонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Назарбаев 16-сентябрда Ташкентте казак-өзбек бизнес форумуна, ал эми кийинки күнү Ашхабадда Азия оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Казакстан менен Өзбекстандын мамилеси да коңшу өлкөнүн президенттигине былтыр Шавкат Мирзиёев келгенден бери оңолууда.

Мирзиёевдин өкмөтү коңшулар менен алака-катышты оңдоону өзүнүн тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт катары жарыялаган.

Ашхабадда имарат ичиндеги жана уруш өнөрлөрү боюнча бешинчи Азия оюндарынын ачылышына Өзбекстандын президенти да катышарын басма сөз кызматы ырастады.

Ашхабадга 17-сентябрда президент Эмомали Рахмон да барарын тажик медиасы кабарлаган. (UE)

XS
SM
MD
LG