16-сентябрда Башкырстандын борбору Уфа шаарында эне тилин коргоого арналган митинг болуп өттү. Ага "Башкыр" улуттук уюмунун активисттери, "Башкыр элинин конгрессинин" мүчөлөрү, Уфа жана башка шаарлардын, райондордун тургундары катышты.
Митингден кийин полиция "Башкыр" улуттук кыймылынын лидерлери Фаил Алсынов менен Руслан Габбасовду кармоого аракет кылды. Муну полиция уруксат берилбеген митинг уюштурганы үчүн протокол түзүү зарылчылыгы менен түшүндүрдү. Бирок кыймыл лидерлеринин тарапкерлери кармоого жол беришкен жок. Ошого карабай, ишемби күнү кечинде Уфада бир нече активист кармалганы тууралуу маалымат тарады.
Маалыматтарга ылайык, башкыр бийлиги митингге бут тосууга аракет кылган. Уфанын мэриясы уюштуруучуларга митинг өткөрүүгө бул күнү шаардагы бардык аянттар бош эместигине жүйө кылып, уруксат берген эмес. Республикалык Билим берүү министрлиги мектеп жетекчилерине кат жолдоп, 16-сентябрь күнү башкыр тилинин окутуучулары үчүн "усулдук күн" өткөрүү сунуштаган.
Митингге бир күн калганда "Башкыр" кыймылынын мүчөлөрү соцтармактардагы аккаунттарына жана кол телефондоруна хакерлик чабуул башталганын, өздөрүн болсо тартип коргоо органдары чакырып, "экстремисттик аракеттерге жол бербөө" тууралуу эскертишкенин маалымдашты. Ага карабай, митингге эки миң чамалуу киши келгенин байкоочулар айтып чыгышты.
Митингдин катышуучулары бийликтен орто мектептерде башкыр тилин мамлекеттик тил катары милдеттүү түрдө окутууну жана "аткаминерлердин басымы менен мыйзамсыз кыскарып кеткен" окуу сааттарын калыбына келтирүүнү талап кылышты. Мугалимдер мектептерде башкыр тилин үйрөнүү жеке каалоо менен болуп жатканын айтып, бирок прокурорлор текшерип жатканына нааразы болушту.