Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Ак үй: Трамптын Париж келишиминен чыгуу тууралуу ою өзгөргөн жок


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамп климатты сактоо боюнча 2016-жылы кабыл алынган келишимден чыгуу чечимин өзгөртүп жатканы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды. Бул жөнүндө The Hill басылмасы жазды.

АКШ президентинин администрациясы Париж келишими боюнча Американын позициясы өзгөрбөгөнүн маалымдап, "Президент так түшүнүк берди, эгер жагымдуураак шарттар сунушталбаса, АКШ келишимден чыгат" деп маалымдады.

16-сентябрда Wall Street Journal гезити президент Трамптын администрациясы климат келишиминен чыгуу тууралуу чечимин жумшартканын жазган.

XS
SM
MD
LG