Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Шайлоо - 2017: Бабанов менен Төрөбаев тандем түздү


Бабанов менен Төрөбаев тандем түздү. Жалал-Абад. 17-сентябрь, 2017-жыл
Бабанов менен Төрөбаев тандем түздү. Жалал-Абад. 17-сентябрь, 2017-жыл

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев бул тууралуу 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтуусунда, азыркы бийликтин айрым кадамдары оппоненттерин бириктирүүдө:

- Мен Бабанов-Төрөбаев тандемине макул экенимди расмий жарыялайм. Бүгүнтөн тарта биздин урааныбыз: Бабанов -президент, Төрөбаев - премьер-министр болот.

Талапкерлер Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабановдун шайлоочулар менен жолугушуусу Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда өттү.

Кечээ Өзгөн шаарындагы жолугушууда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров төрт талапкер: Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Бакыт Төрөбаев буга чейин Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев менен бириккен эле. Көп өтпөй аталган биригүү ыдырап, Ташиев президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго кошулганы маалым болгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG