Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Байсалов: Мекенимди Liglass деген алдамчыдан сактап калганыма сыймыктанам


Коомдук ишмер Эдил Байсалов кыргыз өкмөтүн чехиялык «LiglassTradingCZ, SRO» компаниясы менен кабыл алган келишимин токтотууга чакырууда. Бүгүн ал “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып ал компания менен алышууга убактысы жок экенин белгилеп, Кыргызстанды чоң алдамчылардан сактап калганын айтты:

- Булардын чөнтөгүндө бир да тыйыны жок экенин башынан эле айтып келатабыз. Биздин шалаакы өкмөтүбүздү пайдаланып, контрактка кол койдуруп алып, Кыргызстандын атын сатып, 100 миллион долларлык киреше табам дегендер себеп таппай калганына күнөөкөр кылып мени дайындаса, анда буга сыймыктанам. Анткени мен өзүмдүн мекенимди чоң аферадан сактап калдым деп эсептейм. Булар менен айтышканга убактым да, алым да жок. Булар ким экенин билем. Мен түздөн-түз Сапар Исаковго кайрылып, келишимдин жокко чыгарылышын талап кылам.

Кыргызстан «LiglassTradingCZ, SRO» компаниясы менен келишимге быйыл июль айында кол койгон. Алар Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти кура турган болгон.

Бирок компаниянын каржылык абалы өтө оор экени алгач Чехиянын өзүндө, кийин Кыргызстанда байма-бай айтылган.

19-сентябрга чейин чех тарап орусиялык “РусГидронун” эсебине 37 млн доллар бермек, бирок бүгүн алар Бишкекте маалымат жыйын куруп, иш жүрүп жатканын, бирок банктагы эсептери токтогонун, буга аларды сындаган кыргызстандык саясатчылар Эдил Байсалов, Феликс Кулов жана Темир Сариев күнөөлүү экенин айтып чыгышты.

"Байсаловду сотко берерибиз анык, Кулов, Сариев боюнча юристтер менен кеңешебиз" деди компаниянын ээси Михаэл Смелик.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Орусия кыргыз тарап 37 млн доллар бересе экенин айтып келатат. Чехиялыктар ошол акчаны төлөөнү убада кылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG