Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 19-сентябрда америкалык Fox News каналына курган маегинде 2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосуна келишилген өзөктүк макулдашууга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирди.
Тиллерсондун айтымында, келишимдеги айрым жоболор президент Дональд Трамптын администрациясын өзгөчө тынчсыздандырууда. Мамкатчы "Ирандын уран байытуу иштерин чектөө 2025-жылы аяктайт" деген жобону мисал кылып, аны "айдан ачык ката" деп атады.
"Бул жетишерлик түрдө катаал макулдашуу эмес. Келишим алардын өзөктүк программасын жетиштүү деңгээлде чектебейт", - деди Рекс Тиллерсон.
Мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында алгачкы ирет жасаган кайрылуусунда Ирандын атомдук программасы боюнча алдыңкы алты мамлекет менен жетишкен 2015-жылкы келишимди Америка үчүн “уят иш” деп мүнөздөгөн.