Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Ашхабад-2017: Раимкул Бекназар уулу самбодон жеңүүчү болду


Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында байгеге ээ болгон спортчулардын урматына көтөрүлгөн өлкөлөрдүн желектери. 23.09.2017. Ашхабад.
Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында байгеге ээ болгон спортчулардын урматына көтөрүлгөн өлкөлөрдүн желектери. 23.09.2017. Ашхабад.

Кыргызстандык Раимкул Бекназар уулу ушул күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында күжүрмөн самбо боюнча таймаштарда жеңүүчү болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Бекназар уулу 24-сентябрда күжүрмөн самбодон 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашып үч атаандашын жеңди. Алгач индонезиялык атаандашын утуп, жарым финалда түркмөнстандык спортчуну жеңип алды. Финалда казакстандык Ассылбек Смаилов менен таймашып артыкчылык менен жеңишти колго алып, Кыргызстандын эсебине жетинчи алтын медалды алып келди. Бул күнү кыргыз спортчулары бир алтын байгеден сырткары эки күмүш жана беш коло медал тагынышты.

Күмүш байгелерди күжүрмөн самбодон Данияр Алымжанов (-100 кг.), спорттук самбодон Айткүл Абдылдабек кызы (-48 кг.) алса, коло байгелерге спорттук самбодон Тилек Аманкулов (- 52 кг.), күжүрмөн самбодон Улукбек Мамытов (-100 кг.), Салмоорбек Маматемин уулу (-74 кг.), кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (-69 кг.) жана кикбокстун фулл контакт түрүнөн Юлия Борисова (-56 кг.) ээ болду.

Бүгүн, 25-сентябрда кыргыз спортчулары эркин күрөш, кикбоксинг, самбо, шахмат жана бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн мелдештерге чыгышат.

25-сентябрга карата учурда Кыргызстандын эсебинде жети алтын, 15 күмүш жана 26 коло бар. Жалпы 48 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 11-орунда бара жатат. (ECh).

XS
SM
MD
LG