Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

БУУ Крымдагы адам укуктарынын абалын сынга алды


Крымдын Симферопол шаары
Крымдын Симферопол шаары

Бириккен Улуттар Уюму Орусия көзөмөлдөгөн Крымда адам укуктарынын абалы кескин начарлап кеткенин билдирди. Уюмдун Адам укуктары боюнча кеңсеси 25-сентябрда жарыялаган баяндамада Крымда негизсиз камоолор жана кыйноолор көбөйгөнү айтылат. Ошондой эле адам уурдоо, соттун чечими жок жазага тартуу фактылары катталган.

БУУ Орусия Крымды аннексиялагандан кийин аймакка өз мыйзамдарын киргизүү жана он миңдеген жарандарга орус жарандыгын берүү менен Женева конвенциясы баштаган эл аралык нормаларды бузду деп эсептейт. Уюм жаңы баяндамада Крымда камакта отургандардын Орусияга жөнөтүлгөнүн кескин сынга алган.

Орус бийлиги Крымдагы адам укуктары боюнча сын-пикирлерди буга чейин бир нече ирет четке каккан.

Орусия Украинадагы “Евромайдан” окуяларынан кийин 2014-жылдын март айында Крымда өз көзөмөлүн орноткон. Бириккен Улуттар Уюмунун Украина баштаган 99 өлкөсү бул кадамды мыйзамсыз деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG