Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Бишкекте мечиттен сумка уурдаган жигит кармалды


Иллюстрация. Коллаж.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Милицияга борбор калаадагы мечиттердин биринен сумкасын уурдоого аракет кылган жаранга чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда белгиленгендей, 26-сентябрда кечки саат 7 чамасында анын уюлдук телефону, акчасы жана башка буюмдары салынган сумкасын мечиттен белгисиз адам уурдап бараткан учурда аны мечиттин кызматкери кармап калган. Алар кармалган адамды милицияга өткөрүп беришкен.

Мечиттеги уурулукка 21 жаштагы Ж.У аттуу жаран шектелүүдө. Ага карата Бишкек шаарынын Свердлов районунун бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 28-164-беренелери (уурулук кылуу аракети) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шектелүүчү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардагы мечиттерде жылына он чакты уурулук фактысы катталып турат. Анда көбүнчө намаз окуганы келгендердин буюм-тайымдары, бут кийимдери жана башка нерселери уурдалып кетет. Ушундан улам мечит кызматкерлери да жылдан жылга сак болууга чакырып, ал тургай видео байкоолорду орноткон мечиттер да көп. (ErN)

XS
SM
MD
LG