Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Өмүрбек Бабанов: УКМКда мени биринчи турда утат деген сөз болгон


Өмүрбек Бабанов Бишкектеги маалымат жыйында. 1-октябрь, 2017-жыл.
Өмүрбек Бабанов Бишкектеги маалымат жыйында. 1-октябрь, 2017-жыл.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов соңку саясий окуялар боюнча Бишкектеги штабдарынын биринде басма сөз жыйынын курду. Ал өз сөзүндө бийлик тарабынан "каралоо" болуп жатканын айтып, муну алдыдагы президенттик шайлоонун алдында өзүнүн рейтинги жогорулаганы менен байланыштырды:

- Жакында эле УКМКнын аппаратында чогулуш өттү. Ошондо мындай жол менен барса Бабанов биринчи турда өтөт деген сөз болуптур. Көз карандысыз сурамжылоолордун негизинде менин рейтингим 65 пайыздан ашып жатат. Мен алдыда кетип жатсам, мага жана менин колдоочуларыма мыйзам бузуп эмне кереги бар?

30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

"Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Учурда тергөө жүрүп жатат" - деп маалымдаган УКМК.

Бабанов бүгүнкү басма сөз жыйында Канат Исаев өзүн колдогону үчүн ушундай абалга кабылганын айтты. Экөөндө тең төңкөрүш уюштуруу ниети жоктугун белгилеп, бийликти күч менен басып алууга аракеттер жүрүүдө деген билдирүүлөрдү четке какты. Бийлик жана УКМК Бабановдун айткандары боюнча комментарий бере элек. (NT)

Бабанов Канатбек Исаевдин кармалышы боюнча оюн айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

XS
SM
MD
LG