Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Бишкекте “РухЭш” сайтынын адабий кечеси өттү


Маданий иш-чарада "РухЭш" сайтынын сыйлыктары да ыйгарылды.
Маданий иш-чарада "РухЭш" сайтынын сыйлыктары да ыйгарылды.

Бишкекте коомду агартуу багытындагы "РухЭш” сайтынын бир жылдык тушоо кесүү аземи жана адабий кечеси өттү. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш депутаттары, адабий, маданий чөйрө өкүлдөрү, окурмандар катышты. Китеп жармаңке менен башталган иш-чара адабий-музыкалык кече менен уланып, адабиятчылар «Көркөм адабияттын ролу учурда кандай абалда?» аттуу темада баяндама жасашты.

Анда жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” жана Роза Айтматова менен Асан Ахматов биргелешип жазган Чыңгыз Айтматовду эскерүү китептеринин бет ачары да болду.

Маданий иш-чарада "РухЭш" сайтынын сыйлыктары да ыйгарылды. Журналист Нарын Айыпка Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" сыйлыгы, география илиминин доктору, профессор Эмил Шүкүровго Ишенбай Абдуразаков атындагы «Рухий эш» сыйлыктары тапшырылды.

Бул наамдар эми жыл сайын ыйгарылып турат. “РухЭш” сайтын бир жыл мурун жазуучу жана журналист Олжобай Шакир түзгөн. Ал жалаң гана көркөм дөөлөттөрдү жайылтуу багытында кызмат кылат. (ZA)

XS
SM
MD
LG