Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

“Маймак” аркылуу экспортко убактылуу уруксат берилди


Талас, Маймак
Талас, Маймак

Таласта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Маймак” станциясынан айыл чарба азыктарын экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү ачылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин төө буурчак, картошка сыяктуу айыл-чарба продукцияларын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берилди.

Буга чейин “Маймак” станциясынан тышка товар ташуу аткезчилик деп эсептелчү.

"Маймакта" ЕАЭБдин талаптарына жооп берүүчү шарт жок деген негизде товар алып чыгуу мүмкүн эмес болчу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин коңшу Казакстан менен бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. (AlS)

XS
SM
MD
LG