Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы шайлоо коопсуздугун талкуулоодо


"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын алгачкы жыйыны
"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын алгачкы жыйыны

Бишкекте өтүп жаткан жыйынында аталган кыймыл шайлоо алдындагы өнөктүк жана добуш берүү учурундагы коомдук тартипти сактоо, коопсуздукту камсыздоо маселесин кароодо. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, бул маселе бүгүнкү күнү коомчулукта кызуу талкууланып жаткан көйгөйлөрдүн бири.

Жыйынга жарандык коом өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер, БШК мүчөлөрү катышууда.

Ал алгач "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталып, талкуулардан кийин “Акыйкат шайлоо үчүн” деп өзгөртүлгөн жарандык кыймыл сентябрдын башында түзүлгөн.

Аны түзүү меморандумуна экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер кол коюшкан.

Кыймыл буга чейин бийликке кайрылып, административдик ресурс колдонууга жол бергендерди жазалоону талап кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG