Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

Нобелдин жаңы ээлери аныкталды


Америкалык физиктер Райнерс Вайс, Барри Бариш жана Кип Торн (солдон оңго). 2017.
Америкалык физиктер Райнерс Вайс, Барри Бариш жана Кип Торн (солдон оңго). 2017.

Дүйнөдөгү кадыр-барктуу Нобел сыйлыгынын физика боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул жылы аталган сыйлыкка америкалык илимпоздор Райнер Вайс, Барри Бариш жана Кип Торн татыктуу болушту. Алар гравитациялык толкундар жаатындагы иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Бир күн мурда медицина боюнча Нобел сыйлыгын да америкалык үч окумуштуу алган эле.

Гравитациялык (тартылуу күчүнө таандык) толкундар тууралуу алгачкы жолу өткөн кылымда окумуштуу Альберт Эйнштейн айтып чыккан. Бирок бул толкундарды 2015-жылы гана Лазердик-интерферометриялык обсерваториянын (LIGO) жардамы менен аныктоого мүмкүн болгон.

Бул обсерваторияны быйыл физика жаатындагы Нобел сыйлыгына татыган үч илимпоз негиздешкен. Эки жыл ичинде Райнерс Вайс (Rainer Weiss), Барри Бариш (Barry C. Barish) жана Кип Торн (Kip S. Thorne) эки кара туңгуюктан пайда болгон гравитациялык толкундарды үч ирет байкашкан.

Райнерс Вайсс Нобел сыйлыгын алганы тууралуу кабарды сүйүнүү менен кабыл алганын жашырган жок:

- Бул абдан жакшы кабар. Мен үчүн бул сыйлык миңдеген кишилердин эмгегин, биздин биргелешкен аракетти таануу дегенди билдирет. 40 жылдай илимпоздор бул маселени чечүү жолун издеп келген. Жаңылсак да токтобой, ар кандай технологиялык усулдарды ойлоп таап жүрүп, акыры жеттик.

​Өткөн жылы физика боюнча Нобел сыйлыгын британиялык үч окумуштуу: Дэвид Тулесс, Дункан Халдейн жана Майк Костерлиц алган эле. Сыйлык аларга топологиянын фазалык өткөөлдөрүн изилдөөгө кошкон салымы үчүн берилген.

Быйылкы Нобел сыйлыктарын тапшыруу апталыгы 2-октябрда башталды.

Салтка айлангандай эле, алгач медицина боюнча сыйлык өз ээлерин тапты. Бул ирет үч америкалык илимпоз - Жеффри Холл, Майкл Росбаш жана Майкл Янг адамдын ички биологиялык саатын көзөмөлдөөчү молекулалык механизм боюнча ачылышы үчүн абройлуу сыйлыкка татышты.

Физиология жана медицина боюнча Нобел сыйлыктарынын ээлери (солдон оңго): Жеффри Холл, Майкл Росбаш жана Майкл Янг. 02.10.2017.
Физиология жана медицина боюнча Нобел сыйлыктарынын ээлери (солдон оңго): Жеффри Холл, Майкл Росбаш жана Майкл Янг. 02.10.2017.

Тактап айтканда, бул окумуштуулар түнкүсүн атайын белок чогултуп, аны бир күн ичинде иштете турган генди аныкташкан. Аталган механизм бардык тирүү организмдерде бирдей иштейт экен. Кишинин организминдеги бул ген гормондордун деңгээлине, метаболизмге, дененин табына, уйкунун сапатына жана жалпы жүрүм-турумга таасирин тийгизет.

Нобел комитетинин мүчөсү Кристер Хоог буларды айтты:

- Бул сааттардын иштөө принциби күндүн чыгышына жана батышына байланышкан табигый жүрүм. Ошондуктан адам байыртадан эле эртең менен жигердүү болуп, түндө укташы керектигин билген. Болбосо организм чарчап-чаалыгуудан жабыркап калышы мүмкүн.

Кадыресе убакыт менен ички сааттары бири-бирине туура келбей калганда, киши өзүн начар сезет. Мындан улам уйкусуздук басып, бат чарчап, баш оорусу күчөй баштайт. Организм талап кылган ыргак менен жашоо бейнесинин айкалышпаганы катар оорулардын күчөшүнө алып келет. Окумуштуулардын ачылышы уйкусуздук, көңүл чөгүү (депрессия), жүрөк-кан тамыр илдеттерин алдын алып, дарылоого жардам берет.

Нобел сыйлыгынын ээси Майкл Янг биологиялык сааттардын иштөө тартиби абдан татаал жүрүм экенин айтат:

- Биздин ички сааттарыбыз организмдин ар кайсы бөлүгүндө ар башка иштейт. Айрым учурда бул сааттардын ортосунда келишпестик жаралат. Маселен, сиз Америкадан Стокголмго баратканда, ички сааттарыңыз кадимкидей башаламан болуп калат. Сиз Атлантиканы кесип өткөдөн кийин мээңиз тез эле Европанын саатына көнүшү мүмкүн. Бирок сиздин бооруңуз, өпкөңүз жана теринин клеткалары Американын сааты менен иштей берет. Организм толук Европа саатына көнгүчө жети күн керек.

Химия боюнча Нобел сыйлыгына 2017-жылы үч илимпоз (швейцариялык Жак Дюбоше, америкалык Йоахим Франк жана британдык Ричард Хендерсон) татыгандыгы жаңы эле жарыяланды.

Апта соңуна чейин Нобелдин адабият жана тынчтык сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү аныкталат. Нобел сыйлыгы дүйнөлүк өнүгүүгө салым кошкон инсандарга 1901-жылдан бери тапшырылып келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG