Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Шайлоо-2017: Бабановдун штабы Башкы прокуратурага кайрылды


Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы Ош шаарында анын үгүтчүлөрүн милиция кармап кетип мыйзамды одоно бузду деп эсептейт. Штаб бүгүн тараткан билдирүүдө жеке автоунаа эч себепсиз токтотулуп, мыйзамсыз тинтүүгө алынганы айтылды.

"Машинада үгүт материалдардан тышкары мыйзамсыз эч нерсе болгон эмес. Ал эми адамдардын акча алып жүрүшү мыйзамга каршы келбейт" деп жазды штаб.

Ушундан улам Өмүрбек Бабановдун штабы бул көрүнүштү чагым жана талапкерди каралоо аракети деп баалап, милиция ишинин мыйзамдуулугун карап көрүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

10-октябрда Ош шаардык милициясы Амир-Темур кичи конушуна бараткан Daihatsu автоунаасын токтотуп, машинаны тинтүүгө алган. Тартип сакчылар айдоочу жана үгүтчү Бабановдун адамдары экенин, автоунаадан 185 миң сом, талапкердин атынан жазылып атайын жарандарга багытталган алты куту конверт алышкан. Милиция алынган акча шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн багытталганын маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG