Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

“Ак-Жолдо” тамактануу жана тез жардам пункту ачылды


"Ак-Жол" өткөрмө бекети (архивдик сүрөт)
"Ак-Жол" өткөрмө бекети (архивдик сүрөт)

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл өткөрмө пунктунда тамактануучу жана тез жардам пункту ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук администрациясынын маалымат катчысы Жылдыз Шеримбекова билдирди:

- Бул пункт Аламүдүн райондук бийлик тарабынан уюштурулду. Аталган жерде чек ара сызыгын кесип өтүүдө көпкө кезек күтүп, жардамга муктаж болгон жарандарга жана автоунаа айдоочуларына көмөк көрсөтүлөт. Коомдук тамактануучу жайда ысык чай, кофе, жеңил тамактарды бекер жегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Өкмөттүн Чүй облустук өкүлчүлүгү кабарлагандай, медициналык жардам күнү-түнү көрсөтүлөт.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек араны күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алып, адамдардын жана автоунаалардын кирүүсүнө кескин чектөө киргизди. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы төрт өткөрмө бекетенде узак кезек күтүүлөр катталып жатат. Расмий Астана азыркыга чейин чек ара эмне себептен күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатканын маалымдай элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG