Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Кара-Суу шаарынын мэри шайланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 11-октябрда бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри шайланды.

Мындан тышкары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

Ал эми 10-октябрда жергиликтүү кеңеш депутаттарынын кворуму жок болгонуна байланыштуу Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды.

Мындан тышкары Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо депутаттардын көпчүлүгү бардык талапкерлерге каршы добуш бергендиктен өткөн жок.

Эми бул айыл өкмөттөрдө кайра шайлоо күнү жарыяланат. (NT)

XS
SM
MD
LG