Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Жаштар болочок президентке кайрылды


"Биз коркпойбуз" деген аталыштагы флеш-моб. Бишкек. 17-сентябрь, 2017-жыл.
"Биз коркпойбуз" деген аталыштагы флеш-моб. Бишкек. 17-сентябрь, 2017-жыл.

“Жарайт сити” скетчшоу долбоорунун актерлору, "Азия MIX” тобунун өкүлдөрү, спортчу Валентина Шевченко, эстрада ырчысы Жийдеш жана бийчи Атай Өмүрзаков, блогер Эльдана Сатыбалдиева өңдүү өнөрпоздор кыргызстандык жаштардын атынан президентке видеокайрылуу жолдошту. Алар жаңы президентти мекенчил болуп, жаштарды ойлоого, аларга шарт түзүүгө, элди, жерди тонобой, Кыргызстандын тарыхында натыйжалуу иштөөнү көрсөткөн татыктуу президент, чыныгы лидер болууга чакырышты.

Болочок президентке ушундай эле кайрылууну ар кыл кыргызстандык кыздар жолдошкон. Алар ала качууну токтотуу, ишкердик, IT технологиялар жаатында эмгектенүүгө, спорт менен машыгууга көбүрөөк шарт түзүп берүү тууралуу каалоо-тилектерин айтышкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 11 талапкер ат салышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG