Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Жээнбеков: Бабановду командама чакырайын деген оюм жок   


Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны. 15.10.17.
Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны. 15.10.17.

Кыргызстанда бүгүн (15-октябрда) өткөрүлгөн президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен алдыда КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков бара жатат. Ал жекшемби кечиндеги шайлоо аяктаган соң өткөргөн маалымат жыйынында атаандашы Өмүрбек Бабанов боюнча айрым суроолорго жооп берди.

"Азаттык" үналгысынын кабарчысынын "(атаандашыңыз) Өмүрбек Бабановду командаңызга чакыргыңыз келбейби?" деген соболуна С.Жээнбеков: "Андай нерсе оюмда да жок", - деп жооп кайырды.

Журналисттердин "коррупцияны Бабановдон баштайм дедиңиз эле" деген суроосуна комментарий берүүдөн баш тартып, "аны силерге эмес, өзүнө айтайын, артынан айтканым туура эмес болуп калат", - деп жооп кайтарды.

Бүгүнкү шайлоодо катуу атаандаштык негизинен эки талапкердин - Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрдү.

Шайлоонун алдында КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебатында Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышкан.

Бабанов шайлоону утурлай административдик ресурс кайсы талапкердин кызыкчылыгы үчүн колдонулуп жатканы баарына белгилүү экенин айткан.

Сооронбай Жээнбеков "эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм" деп билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55,93% түздү.

Жалпысынан каттоодон 3,025,770 шайлоочу өткөн. Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 916 892 киши добуш берген. Экинчи орунга 565 071 добуш менен Өмүрбек Бабанов чыкты.

Адахан Мадумаров 108 399, Темир Сариев 42 975, Таалатбек Масадыков 10 585, Арстанбек Абдылдаев 1990, Эрнис Зарлыков 1530 добуш алган.

Шайлоодо он бир талапкер ат салышты. Добуштар эсептелинип, жыйынтыгы улам жаңыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG