Кыргызстандыгы “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” бул жолку президенттик шайлоодо мамлекет башчынын бир талапкерди колдоп чыкканы башкалардын атаандаштыгын чектеди деп эсептейт. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Азамат Адилов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал талапкерге карата жиберилген арыздарга карабай БШК чара көрбөгөнүн, үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлерди тартуу орун алганын, “кара пиар” активдүү жүргөнүн жана административдик ресурсту колдонулганын белгиледи.
- Диний өкүлдөрү мыйзамда тыюу салынганына карабай активдүү катышты. Биздин уюмдун тажрыйбасында быйыл биринчи жолу байкоо жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болду. Байкоочулардын айрым укуктары чектелди.
Мындан сырткары шайлоочулар өздөрүн алдын ала тизмеден текшербегени, №2 форма боюнча добуш берүүгө ниеттенген жарандардын санынын көптүгү дага добуш берүү сапатына таасир бергени белгиленди.
15-октябрдагы президенттик шайлоого “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” миңден ашуун байкоочусу көз салды. (КЕ/TSh)