Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

Парламентте Канат Исаев боюнча комиссия түзүү сунушталды


Мындай сунушту бүгүн парламенттин жалпы жыйынында “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова билдирди. Ал комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин кармалган себептерин, ага негиз берген жагдайларды иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

- Канат Исаевге байланыштуу ишти “жашыруун” деп коюптур. Ошентсе да жөн карап отурбастан кесиптешибиз канчалык объективдүү себептер менен кармалганын талкуулашыбыз керек. Анын үй-бүлөсүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан туура эмес мамиле болгон. Ким, кандай себептер менен үй-бүлөсүн токтотуп, машинесин тинткенин да изилдеп чыгуу керек. Кайдыгер карабай, ушул маселени талкуулайлы.

30-сентябрда Youtube порталында "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдап жатканы тууралуу үч видео тасма тараган. Анын биринде Канатбек Исаевге окшош адам видео тасма тартып жаткан белгисиз жаранга 5 миң сомдуктардан куралган ири сумманы берип жатканы көрүнөт. Ошол күнү эле УКМК депутат Канатбек Исаевди “бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен кармаган.

Аны менен менен кошо салык кызматкери Рамис Жунусалиев жана Сокулук районундагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Деңиз Раимкулов кармалып, соттун чечими менен эки айлык мөөнөткө камалган.

2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаевдин баш коргоо чарасын аныктап, депутатты тергөө аяктаганча камакта кармоо чечимин чыгарган. Кийин Канатбек Исаевди коргоо комитети да түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG