Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

ЕБда орус газын Европага ташыган куур боюнча орток пикир жок


Газ куурларын оңдогон жумушчу. Орусия
Газ куурларын оңдогон жумушчу. Орусия

Европа Биримдигинде «Түндүк агым-2» газ кууру боюнча бир пикир жок жана жакын арада бул маселеде консенсуска келүү кыйын болот.

Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер билдирди. Брюсселдеги жолугушууда Польша, Литва, Латвия жана Дания шаркеттин Орусиянын энергия булактарынан өсүп жаткан көз карандылыгы жана Москванын кошуналарга карата агрессивдүү саясаты тынчсыздануу жаратарын айтышты.

Калган өлкөлөр, анын ичинде Германия менен Австрия долбоор коммерциялык максатты көздөрүн, саясий жүйөлөр алдыңкы ролду ойнобоого тийиш деп Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо чакырыгын четке кагышты. Ал өлкөлөрдүн компаниялары долбоордун инвесторлорунун катарына кирет. Куур аркылуу орус газын Европага жана Евробиримдикке ташуу каралган.

XS
SM
MD
LG