Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Сот кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөр курула баштады


Бишкек. 21-октябрь, 2017-жыл.
Бишкек. 21-октябрь, 2017-жыл.

Бишкекте сот тармагынын кызматкерлерине көп кабаттуу эки турак жай курула баштады. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен бирге үйлөрдүн курулушу башталган жерге капсула салды. Президент турак жайдын башкы планы менен таанышып чыкты.

Президент акыркы жылдары аскер кызматкерлерин, чек арачыларды, куткаруучуларды, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Бул иштерди улантуу үчүн мамлекет турак жай курууга жана социалдык жактан коргоого каражат табууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Буга чейин бир катар куткаруучуларга, милиция, УКМК, чек ара кызматкерлерине мамлекеттен батирлер берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG