Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Сокулукта милиция менен чырлашкан депутатка кылмыш иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдүн Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты менен милиция кызматкерлеринин чыры иликтенүүдө. Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн 28 жаштагы депутатынын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" деген 341-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Өзү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 23-октябрдын түнүндө, саат 2:30 чамасында депутат мас абалында Патрулдук милиция кызматкерлери менен жаңжалдашкан.

- Күч кызматкерлери ал келаткан "Хонда" автоунаасын токтотконуна байланыштуу нааразылык билдирип, чуу салган. Рулда башка адам болгон. Өзү мас экен. Досторун чакырып жаңжал көтөргөндүктөн, милиционерлер да кошумча күч чакырып, аны камашкан, - дейт Токтосунов.

Тергөө иштерине байланыштуу депутаттын аты-жөнү айтыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG