Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Республикачылар Обама тушунда түзүлгөн уран келишимин иликтешет


Конгрессмен Чак Грассли жана сенатор Дайан Файнстайн
Конгрессмен Чак Грассли жана сенатор Дайан Файнстайн

АКШ Конгрессиндеги републикачылар президент Барак Обаманын тушундагы Орусия менен түзүлгөн келишимди иликтей баштады.

Кеп канадалык уран өндүрүүчү Uranium One компаниясынын орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын карамагына өтүшү тууралуу жүрүп жатат. Канадалык компания АКШда өндүрүлгөн урандын 20 процентине ээлик кылчу.

Республикачыл депутаттар Uranium One компаниясын сатуу макулдашуусун Федералдык иликтөө бюросу жана башка органдар жакшылап текшерип чыгышканбы же жокпу деген суроо коюшууда.

Буга чейин Обаманын администрациясы келишимди түзүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын, ал улуттук коопсуздукка коркунуч жаратпаганын айтып келген.

Сенаттын юридикалык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Чак Грэссли Юстиция департаменти бул ишти иликтөө үчүн атайын кеңеш түзүшү керек деп Твиттерге жазды.

Президент Дональд Трамп маалымат каражаттары уран келишимине жетиштүү көңүл бурбай, анын жакын адамдарынын шайлоо алдында орусиялыктар менен байланышып же байланышпаганын гана байма-бай жазууда деп сындаган.

Бирок демократтар бул иликтөө элдин көңүлүн Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн териштирген иштен башка жакка бурдурууну максат кылат деп ырасташууда.

XS
SM
MD
LG