Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

“Эхо Москвы” радиосунун журналисти убактылуу Орусиядан кетет


Орусияда “Эхо Москвы” радиосунун журналисти Ксения Ларина убактылуу өлкөдөн чыгууну чечти. Бул тууралуу аталган радионун башкы редактору Алексей Венедиктов билдирди. Анын айтымында, мындай чара Ларина тууралуу мамлекеттик “Вести ФМ” радиосундагы журналист Владимир Соловьевдун программасында сөз болгон соң кабыл алынды. Аталган программада журналисттин дарегине бир катар сындар айтылган эле.

Алексей Венедиктов “Эхо Москвы” радиосунун журналисттерин коргоонун жалгыз жолу өлкөдөн чыгаруу болгонун билдирди.

“Эхо Москвы” радиосунун журналисттерин коркуткан же кол салган фактылар бир нече ирет катталган.

23-октябрда “Эхо Москвы” радиосунун редакциясына белгисиз киши кирип келип, журналист Татьяна Фельгенгауэрди бычактаган. Оор жараат алган журналист учурда ооруканада. Кол салууга шектүү катары Борис Гриц атуу адам кармалган.

Орус тергөө органдары кылмышка шектүүнү психикалык жактан оорулуу деп аташкан.

XS
SM
MD
LG