Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Каталонияда миңдеген адамдар биримдик үчүн жүрүшкө чыгышты


Автономия борбору Барселонадагы 29-октябрдагы жүрүш
Автономия борбору Барселонадагы 29-октябрдагы жүрүш

29-октябрда Барселона шаарында оң миңдеген адамдар Испаниянын биримдигин колдоп жүрүшкө чыгышты.

Акция катышуучулары “Биз баарыбыз каталондукпуз!”, “Биз баарыбыз Испаниябыз!” деп чакырык ташташты. Аны көз карандысыздыкты жактабаган каталон жарандык коому жана башка айрым партиялар уюштурушкан.

27-октябрда болсо көз карандысыздыкты колдоп миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан болчу. Дал ушул күнү автономия парламенти Каталонияны көз карандысыз өлкө деп жарыялаган эле. Андан бир саат өтпөй испан борбордук өкмөтү Каталониянын автономиясын токтотуп, түз башкаруу киргизген. Ага ылайык, өкмөт менен парламентти таратып, 21-декабрга жаңы шайлоо жарыялаган.

Испаниядагы саясий кризис 1-октябрда Каталония автономиясы референдум өткөрүп, ага катышкандар эгемендикти жактагандан кийин курчуп кетти. Референдумду Конституцияга туура келбейт деп Мадрид четке каккан. Евробиримдик дагы испан бийлиги тарапта болууда.

XS
SM
MD
LG