Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Саляновдун өлүмүн иликтөөнү ЖК төрагасынын көзөмөлүнө алуу сунушталды


Улан Саляновдун үйү. Сүрөт 6-ноябрда тартылган.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Аида Салянованын инисинин өлүмүн иликтөөнү парламент төрагасы өз көзөмөлүнө алышы керек деп эсептешет. Бүгүнкү жалпы жыйында сүйлөп жатып депутат Наталья Никитенко эмгиче эч кандай маалымат жок экенин айтып, тыкыр иликтөө жүргүзүлүшү керек экенин белгиледи жана ишти жеке көзөмөлүнө алуусун Жогорку Кеңеш төрагасынан өтүндү.

Ушул эле фракциянын депутаты Айсулуу Мамашова "бул окуяда саясий себеп жок" деген бүтүм эрте айтылганын белгилеп, “ИИМ шашылыш бүтүм чыгарбашы керек эле, себеби саясий иш эместиги далилденген жок. Үйдөн эч нерсе уурдалган эмес” деди.

Оппозициячыл саясатчы Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда​ белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.

"Ата Мекен" партиясы бул окуяны Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, саясий негизи бар экенин билдирген.

Милиция бул окуяда саясий себеп жок экенин кабарлаган. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG