Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

NBS News: Голдстоун Мюллерге сурак берет


Роберт Мюллер
Роберт Мюллер

Журналист жана PR адис Роб Голдстоун АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллерге президент Трамптын уулу Дональд Трампка орусиялык юрист Наталья Весельницкая менен жолугушуу уюштурганы тууралуу көрсөтмө берет. Бул тууралуу NBC News өз булактарына таянып маалымдады.

Телеканалдын маалыматы боюнча, Голдстоун учурда Таиландда жашайт. Ал эми Мюллер менен анын адвокаты байланышып турат. Адвокат Голдстоундун атайын прокурор менен жолугушуусу ыктымалдыгын комментарийлеген жок, бирок NBC News бекемдегендей, Голдстоун жакын арада Америкага келиши мүмкүн.

11-июлда президент Трамптын уулу Дональд Трамп өзүнүн электрондук каттарын ачыкка чыгарган. Арасында ал орусиялык юрист Наталья Весельницкаяда президенттикке талапкер Хиллари Клинтонго компромат бар экенин билгенден кийин, аны менен жолугушуу сунушуна макулдугун берген. Жолугушууну Роб Голдстоун уюштурган. Кийинчерээк, жолугушууга Трамптын күйөө баласы, президенттин кеңешчиси Жаред Кушнер жана президенттикке талапкер Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт да катышканы аныкталган.

АКШда президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүү ыктымалдыгы иликтенүүдө. Москва буга тиешеси жоктугун бекемдеп келет.

XS
SM
MD
LG