4-5-декабрда Жыргалаң курорттук аймагында болгону жаткан жыйында кар көчкү боюнча таанымал окумуштуулар баяндама жасашат. Андан тышкары, семинарлар кар көчкү көп жүргөн жерлерде жүргүзүлөт. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жыйындын негизги максаты - тоо туризми өнүгүп жаткан учурда альпинисттердин, лыжа сүйүүчүлөрдүн жана фрирайдерлердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу.
Мындан тышкары, жыйындын дагы бир мүдөөсү - Кыргызстанда кар көчкүдөн коргонууну жогорку деңгээлге көтөрүү. Аба ырайын алдын-ала билүүнүн жаңы технологиялары тоолуу аймактарда коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзөт. Ал кар көчкүнүн кооптуулугунун деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары кар көчкү очокторунун картасын түзүү, жалпы аймактагы коркунучту баалоо, кар күрткүсүн изилдөө, гиддердин жана жол көрсөтүүчүлөрдүн жүрүш-турушу сыяктуу темаларды талкуулашат.
Кыргызстандын бийик тоолорунда чет өлкөлүк туристтер түрдүү кырсыктардан улам набыт болгон учурлар болуп турат. (ZKo)