Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:52

Чек арадан башка паспорт менен өтүп бараткан аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чек арачылар кыргыз-тажик чек арасындагы “Кызыл-Бел-автожол” өткөрмө бекетинен башка жарандын паспорту менен өтүп бараткан аялды колго түшүрүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Кыргызстандын башка жаранынын паспортун көргөзгөн аял 1980-жылы туулган кыргыз жараны Г.И. экени аныкталды. Ал муну өзүнүн паспорту жоголуп кеткени менен түшүндүргөн. Ал көтөрүп жүргөн паспорт (ID-card) анын тууганына тиешелүү болуп чыкты. Кармалган жаран Тажикстандагы туугандарына бараткан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG