Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришет


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы «Энесай» залында өтөт. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, аземге 450 киши чакырылды. Алар коомдук-саясий ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү, депутаттар, министрлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болот.

Иш-чаранын макулдашылаган сценарийине ылайык, инаугурация саат 10:00дө башталат.

Сооронбай Жээнбеков ант берип, президенттик күбөлүк, төш белги жана мамлекет башчынын штандартын кабыл алгандан кийин үч жолу артиллериялык залп атылат.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Ак үйгө келишет. Жаңы президент Ардак кароолдун алдында Улуттук гвардиянын башчысынын рапортун кабыл алгандан кийин президенттин иш бөлмөсүнө кирет.

Ант берүү салтанаты мамлекеттик телеканал аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Бул маалда Бишкектин борбордук Чыңгыз Айтматов, Манас жана Чүй проспектилериндеги унаа кыймылы убактылуу токтотулат.

Инаугурацияга жалпысынан 8 млн. 404 миң сом сарпталары маалымдалган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Анда мурунку премьер-министр, Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашуун добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп 2011-жылы шайланып келген. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө мамлекет башчысы тынч жол менен алмашууда.

2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев он беш жылдык башкаруусунан кийин элдин нааразылыгынан улам 2005-жылы өлкөдөн үй-бүлөсүн алып, качып кеткен. Андан кийин мамлекет башына келген Курманбек Бакиев да 2010-жылы апрелде үй-бүлөсү менен өлкөдөн качууга мажбур болгон. Учурда Аскар Акаев Орусияда, Курманбек Бакиев Беларуста баш калкалап жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG