Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Сооронбай Жээнбеков КСДПга мүчөлүгүн токтотту


Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.
Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бийликте турган мезгилинде Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы мүчөлүгүн токтотуу боюнча арыз жазды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, Конституциянын 63-беренеси жана аталган партиянын уставына ылайык, арыз берилген күндөн тартып КСДПнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме берилген билдирүүлөр анык эмес деп эсептелинет.

Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДП тарабынан көрсөтүлүп, 54,22 пайыз менен жеңип чыккан. Ал бүгүн ант берип, президенттик кызматка расмий киришти. (NT)

XS
SM
MD
LG