Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 09:31

Жети күндө мас абалда рулга отурган 243 айдоочу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “Рулдамын” аттуу рейд өттү. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 20-ноябрда башталган иш-чара бүгүн аяктады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы уюштурган рейд мас абалда рулга отурган айдоочулар катышкан жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган.

Рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган 17758 факты катталган. Анын ичинен 243 айдоочу мас абалында машине айдаганы аныкталды. Ылдамдыкты сактабаган 1862, жол чырактын белгилерине карабаган 529, жол белгилеринин талаптарын бузган 2387, айдоочулук күбөлүгү жок 361 айдоочу кармалды. Алардын 642синин автоунаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Эреже бузгандар 10 миллион сомдон ашык айып пул төлөштү.

Жол эрежелерин бузган айдоочулар Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында көп катталган.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча мас абалында автоунаа башкаргандар айдоочулук күбөлүктөн ажыратылууга тийиш.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG