Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 09:22

Жогорку Сот кыйноо боюнча айыпталган үч милиция кызматкеринин жазасын күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча 27-ноябрда Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуу боюнча коллегиясы ачык соттук отурум өткөрүп, Нарын шаардык жана Нарын облустук сотторунун өкүмдөрүнө карата тараптардын көзөмөл даттанууларынын негизинде кыйноо боюнча айыпталган үч милиция кызматкеринин жазык ишин карады.

Натыйжада соттолгондордун баары күнөөлүү деп табылып, бири сегиз жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланмай болду. Калган экөө да күнөөлүү деп табылып, ар бири жети жылга эркиндигинен ажыратылышты. Үчөө тең жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөй болушту.

Окуя былтыр 4-майда Нарындын Ат-Башы райондук милиция бөлүмүндө болгон. Соттук мекеме бир эшекти уурдап, сойгон деген шек менен кармалган жаранды милиционерлер сабап, кыйнашкан, аны бошотуш үчүн 120 миң сом пара алышкан деп белгилөөдө. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG