Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Гаага трибуналында уу ичкенин айткан айыпкер көз жумганы кабарланууда


Слободан Пральяк Гаага трибуналында колундагы суюктукту ичип жаткан учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Слободан Пральяк Гаага трибуналында колундагы суюктукту ичип жаткан учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын отуруму болуп жатканда уу ичкенин айткан айыпкерлердин бири Слободан Пральяк көз жумганын Хорватиянын мамлекеттик телеканалы маалымдады. Сот жайгашкан Гаага шаарынын полициясы комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми күзөтчүлөрдүн бири 72 жаштагы Пральяк тирүү экенин, медициналык көзөмөлгө алынганын буга чейин айткан.

Окуя бүгүн апелляциялык комиссия өз өкүмүн жарыялап жатканда болгон. Босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяк согуш кылмышкери деген аныктамага макул эмес экенин айтып, соттун көзүнчө бир нерсени ичип, "бул уу болчу" деген.

Сот алты босниялык хорваттын 2013-жылы берилген апелляциялык арызын караган. Ал генералды согуш кылмыштары үчүн 20 жылга кесүү тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган.

Алар 1992-95-жылдардагы согуш маалында мусулмандар үчүн концлагерлер түзүшкөн деп айыпталууда. Пральяк XVI кылымда курулган Мостар көпүрөсүн талкалоого буйрук бергендиги үчүн да күнөөлүү деп табылган. Бул иш боюнча соттук териштирүү 2006-жылдан бери жүрүп келген.

Өткөн аптада босниялык сербдердин согуш учурундагы кол башчысы Ратко Младич өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG