Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Прага: Сөөк коюудагы диний сабырдуулук өрнөгү (Сүрөт баян)

Чехиянын борборундагы Олшанска көрүстөнүндө мусулман маркумдар үчүн да жай ажыратылган. Чехтер дин маселесинде сабырдуулугу менен өзгөчө айырмаланган улут.

Чехиянын борбору Прага шаарындагы Олшанска (Olšanska) көрүстөнүндө ар кыл динди (христиандык ар кыл агымдарды, иудаизм, бутпарас, ж.б. диндерди) туткан маркумдардын мүрзөлөрү бар. Алардын арасында чыгыштагы өзүнчө бурчта мусулмандардын да бейиттери орун алган.
Бул жерде түбөлүк жайга берилгендердин арасында ноокендик кыргыз агабыз Рахманжан Таштемировдун (25.11.1952 – 20.8.2012) жана түркмөн агабыз Розыназар Кудайбердинин (17.8.1950 – 02.3.2016) да кабырлары бар.
Айрым мусулман бейиттеринде номурлар гана коюлса (бул мүрзөлөр, балким, вахабийлерге таандык болсо керек), калгандарында ысымдары жазылган жана бир катарында маркумдардын сүрөттөрү да дааналап чегилген.
Бул көрүстөндө Экинчи дүйнөлүк согуш маалында набыт болгон чехтерден тышкары советтик жоокерлер да өзүнчө жайга коюлган. Алардын арасында советтик мусулман жоокерлер да бар. Айрым ысымдардан динин жана тегин боолголоого болот: ага сержант Р.А.Фатхутдинова (айым), катардагы С.Ахмедов, М.Алиев, Д.Ажимов, М.Валимухаметов, Б.Нуржанов, Ч.Тагиев, С.Якубов, ж.б.
Башка диндегилердин сөөктөрү бул көрүстөн жайга коюлуп жатканына каршы чех коомчулугунда эч кандай нааразылык чаралары байкалган эмес. Чехтер дин маселесинде сабырдуулугу менен өзгөчө айырмаланган улут.

XS
SM
MD
LG