Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Сурабалдиева: Чубак ажынын аялы зомбулукка кабылганын текшериш керек


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Акыйкатчы жана күч органдары Чубак ажынын жубайы зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүүнү териштирип чыгышы керек. Мындай талапты бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева айтып чыкты.

Депутаттын пикиринде, Чубак ажы аялы жапа чеккенин өзү ачык жарыялагандан кийин муну тиешелүү органдар текшерүүгө милдеттүү:

- Чубак ажы аялы жапа чегип жатканын, үйгө экинчи аял алып келгени ага оор тийгенин мойнуна ачык эле алып жатат.

Сурабалдиева Кыргызстандын Конституциясында "аялдар менен эркектердин укугу бирдей" деп жазылганын, Акыйкатчы, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура “Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу” тууралуу мыйзамдын сакталышын текшериши керек деп эсептейт.

“Ал мыйзамда зомбулуктун ар кандай түрлөрү бар деп так жазылган. Бул киши өлтүрүү же зордуктоо гана эмес, аялга карата психологиялык жана моралдык зомбулук дагы”, - деп белгиледи депутат.

28-ноябрда Интернетте видео тараган. Анда Чубак ажы: "Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм. Мен баштабасам ким баштайт? " деп жарыялаган.

Учурда бул тасма Интернетте кызуу талкууланып жатат.

Бир катар укук коргоочулар жана жарандык активисттер Жалиловду мыйзам бузууга чакырык таштаганы үчүн аны айыптап чыгышкан.

Чубак Жалилов Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгын 2010-2013-жылдары жетектеп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG