Ушул күндөрү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан Азия чакырыгынын кубогунун оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) экинчи жеңишин камсыз кылды. Команданын ага машыктыруучусу, Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда кечээ, 14-декабрда Кыргызстандын хоккейчилери Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен беттешип, 10:2 эсебинде жеңишке жетишти.
Мелдештер 12-декабрда башталган. Ага Кыргызстандын, Малайзиянын, Филиппиндин, Индиянын жана Бириккен Араб Эмирлигинин 20 жашка чейинки улуттук курама командалары катышууда. Мелдештин биринчи турунда кыргыз хоккейчилери филиппиндиктерди 12:4 эсебинде жеңип алышкан эле.
Оюндар 17-декабрда аяктайт. 16-декабрда Кыргызстандын оюнчулары мелдештин кожоюну болгон малайзиялыктар менен ойношот. Андан соң мелдештин акыркы турунда 17-декабрда кыргызстандыктар менен индиялыктар таймашат. Айлампа тартиби менен өтүп жаткан оюндардын жыйынтыгында көп упай топтогон команда жеңишке жетет. Эл аралык хоккей федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, азырынча турнирдик таблицада Малайзия менен Кыргызстандын командалары алдыда бара жатат. Малайзиялыктар филиппиндиктерди 11:0, индиялыктарды 12:4 эсебинде утуп алышкан. 3-орунда бара жаткан Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларында үч упай бар бар(БАЭ – Индия 6:0, Кыргызстан – БАЭ 10:2).
Индия менен Филиппиндин командалары азырынча жеңишке жете элек. 20 жашка чейинки хоккей командаларынын арасында Азия чакырынын кубогунун оюндары Эл аралык хоккей федерациясы тарабынан быйыл алгачкы жолу уюштурулуп жатат.
Мелдешке катышканы 20 оюнчудан турган Кыргызстандын командасы 11-декабрда Бишкектен Куала-Лумпурга бет алган. Аларды башкы машыктыруучу Данил Шушенков, ага машыктыруучу, хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков жана администратор Жыргал Абдылдаев коштоп жүрөт. Улуттук курама команданын оюнчулары Кыргызстан менен Казакстандын лигаларында ойногон, Канаданын, Австриянын жана Орусиянын хоккей Академияларында билим алган кыргызстандыктардан куралган. (ECh)