Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Бишкекте жаңы оорукана курулат


Иллюстрация
Иллюстрация

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев "Азаттык" радиосуна Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын базасында 400-500 орундуу дагы бир оорукананын долбоорунун үстүндө иштеп жатышканын кабарлады.

Министр 16-декабрда аталган жайдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Нурлан Оморов менен жолугуп, долбоордун каржылык, кадрлык маселелерин заманбап ыраатта чечүүнү талкуулады.

Кыска убакытта бейтаптарды каттоонун электрондук тартибине өтүүнү тапшырды.

"Шаар калкы улам көбөйүп, саламаттыгын чыңдоого кезек күтккөндөр арбып баратат. Ушундан улам мамлекеттик жеке өнөктөштүк ыкмасы менен жаңы көп профилдүү оорукананын долбоорун иштеп чыгуу милдети коюлду. Максатыбыз - элге сапаттуу, бирок арзан кызмат, мамлекеттик кепилдик программасына ылайык кызмат көрсөтүү", - деди министр Батыралиев. (BCh)

XS
SM
MD
LG