Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

АКШ Трамптын чечимин четке каккан резолюцияга вето койду


Бириккен Улуттар Уюму. 18-декабрь, 2017-жыл.
Бириккен Улуттар Уюму. 18-декабрь, 2017-жыл.

АКШ президент Доналд Трамптын Иерусалим боюнча чечимин четке каккан БУУнун резолюция долбооруна вето койду. 18-декабрда бул документти Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин калган 14 мүчөсүнүн баары колдогон болчу.

Президент Трамп бул айдын башында Вашингтон Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турганын жана алдыдагы жылдары АКШнын Израилдеги элчилиги Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүлөрүн жарыялаган. Бул чечим араб жана мусулман өлкөлөрүндө кескин айыптоо жана нааразылык акциялары менен коштолгон.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңеши Кошмо Штаттарды вето коюуга аргасыз кылганын, АКШнын элчиликти көчүрүүгө укугу бар экенин айтты. Бир барактык бул документте Иерусалимдин макамы боюнча бардык чечимдердин мыйзамдык күчү болбой турганы жана ал чечимдер артка чакырылышы керек экендиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG