Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Спикер Дастанбек Жумабеков Өзбекстанга барат


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган кыргызстандык делегация 20-декабрда расмий иш сапары менен Ташкент шаарына барат.

Иш сапарынын алкагында Жумабеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев жана Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмаилов менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” деген туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коёт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, төраганын расмий иш сапары Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевдин атайын чакыруусу боюнча уюштурулууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG