Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

Түркия менен Орусия С-400 системасы боюнча келишим түзүштү

С-400 зениттик ракета системасы Кызыл аянттагы аскердик параддын алдында. 7-май, 2017-жыл.
С-400 зениттик ракета системасы Кызыл аянттагы аскердик параддын алдында. 7-май, 2017-жыл.

Түрк жана орус басылмалары Анкара менен Москва баасы 2,5 миллиард доллардык аскердик келишимге кол койгонун кабарлашты. Ал келишим боюнча Түркия Орусиядан С-400 зениттик ракета системасын ала турган болду. 

Орусиянын "Ростех" мамлекеттик ишканасынын башчысы Серей Чемезов 27-декабрда "Коммерсантъ" басылмасында жарыяланган маегинде Түркия Орусиядан С-400 системасынын төрт дивизионун сатып алаарын айтты. Анын айтымында, абадан коргонуу системалары 2020-жылдын март айында Түркияга жөнөтүлө баштайт. 

С-400 зениттик ракета системасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын алгач ирет түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган сентябрь айында жарыялаган.

Түркиянын мындай планы Батыш өлкөлөрүн тынчсыздандырган. "Түркия Түндүк-атлантикалык аскердик альянска (НАТО) мүчө болгондуктан Орусиянын техникалары НАТОнун коргонуу тармагына шайкеш келбейт" деген билдирүүлөр айтылган. 

XS
SM
MD
LG