Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Кожентте төрт киши дары зат кошулган палоого уугуп мерт болду


Трагедия болгон жер.
Трагедия болгон жер.

Тажикстандын түндүгүндөгү Кожент шаарында төрт киши натрий нитраты кошулган палоого ууланып жан берди.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын 2-январда шаар прокуратурасы кабарлады.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, палоону даярдоо учурунда “натрий селитрасы” же “чили селитрасы” деп аталган натрий нитраты колдонулган.

"Трагедия болгон жерде бул заттын калдыктары бар куту табылган. Натрий селитрасынын өлүмгө алып келчү дозасы маркумдардын организминде дагы табылды", - деди Кожент прокуратурасындагы маалымат булагы.

Маалыматтарга караганда, 30-декабрда жергиликтүү тургандар Жаңы жылдын алдында майрамдык дасторкон жайып, палоо жешкен. Каза тапкандардын арасында 67 жаштагы ашпозчу Камил Зайиров (тажикче Комил Зоиров) дагы бар. Жети киши ооруканага жеткирилген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр натрий нитратын ким алып келгенин териштирүүдө.

Натрий нитраты – түссүз, жытсыз, туз даамданган кристалл. Ал жер семирткич катары жана тамак-аш, металлды кайра иштетүү өнөр жайында, жардыруучу заттарды даярдоодо колдонулат.

XS
SM
MD
LG