Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Оштун мэри эттин баасын аныкташ үчүн уй сатып алып, союп көрүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мэриянын бөлүм башчылары катышкан жыйында мэр Айтмамат Кадырбаев шаарда сатылып жаткан эттин баасын арзандатып, туруктуу баа коюуга тапшырма берди.

- Учурда 1 кг уй эти дүң баада 290 сом, чекене баада 330 сомдон сатылып жатат. Бул өтө кымбат. Бул боюнча шаардыктардан көп арыз түшүп жатат. Ошондуктан бир жума ичинде тийиштүү кызматтар эттин баасын эсептеп, туруктуу баа койгула, - деди жыйында Кадырбаев.

Мэр ошондой эле эттин чыныгы баасын аныкташ үчүн шаардык бюджеттен 50 миң сом бөлүп берүүгө даяр экенин айтып, буга уй сатып алып, союп, сатып көрүүнү сунуш кылды. Шаар башчы муну менен ишкерлердин мал союп сатуудан канча киреше таап жатканын аныктап, этке ашыкча акча кошуп жиберип жатканын аныктоого болоорун билдирген.

Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Талант Канатбек уулу, “мэр уй сатып алуу идеясын эттин чыныгы наркын аныкташ үчүн аргасыз чара катары сунуш кылганын, бирок айтылган ой акыркы чечим эмес экенин” белгиледи.

Монополияга каршы күрөш агенттигинин аймактагы башкармалыгы эттин баасын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG