Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Трамп Лондонго барбай калды


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп февраль айына белгиленген Лондонго иш сапарын токтотту. Ал Улуу Британиянын башкалаасына АКШ элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышканы бармак.

Трамп элчиликти көчүрүү ишине канааттанбаганы үчүн Лондонго белгиленген иш сапарын токтотконун "Твиттерге" жазды. Ошондой эле "элчиликтин мурдагы имаратын арзан баага сатып, жаңы имаратты өтө кымбатка курдурду" деп АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын администрациясын сынга алды.

Бирок британ басылмалары Трамптын мындай чечимине Британияда анын сапарына каршы күтүлүп жаткан нааразылык акциялары себеп болушу мүмкүн экенин жазышты.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй президент Трампты былтыр эле Лондонго чакырган. Бир катар британ депутаттары "Трампка парламентте сөз сүйлөөгө уруксат бербеш керек" деп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG