Оливер Иванович бүгүн эртең менен Митровица шаарынын сербдер көп жашаган түндүк бөлүгүндө, өз кеңсеси алдында окко учуп мерт болду.
Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Балкан кызматына саясатчынын адвокаты Нибожса Влажич кабарлады.
Оливер Иванович 2009-жылдан бери Косоводо “Эркиндик, Демократия, Адилеттик” деп аталган жарандык демилгенин лидери эле жана алардын талапкерлери былтыркы жергиликтүү шайлоого катышкан.
Ал Косово 2008-жылы Сербиядан эгемендигин жарыялаганына карабай, 2008-2012-жылы Сербия өкмөтүнө кирип, Косово боюнча министрликте мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган.
1998-99-жылдардагы согушка чейин Косово Сербиянын автоном аймагы болуп турган кезде Иванович Митровица шаарындагы кенди башкарган.
Евробиримдиктин “Мыйзам үстөмдүгү” миссиясынын соттору былтыр январда Ивановичти "1998-99-жылкы согуш учурунда албандарга каршы аскерий кылмышка барган" деп таап, тогуз жылга түрмөгө кескен.
Бирок бул өкүмдү Приштинадагы апелляциялык сот бир айдан кийин эле жокко чыгарган.
Учурда бул иш сотто кайрадан каралып жаткан. (UE)