Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы Кыргызстан аялдарынын укуктарын коргоого арналган “Жаштар маршына” уруксат берген жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы билдирди.
Биринчи май районунун акими Токтосун Султановдун колу коюлуп, уюмга жөнөтүлгөн катта жөө жүрүш жолдо автоунаалардын кыймылына тоскоолдук кылары жана тротуарда жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратары жазылган. Уруксатсыз жүрүшкө чыккандар мыйзам жоопкерчилигине тартылары да эскертилген.
Уюмдун жаш лидер-ыктыярчылары, укук коргоочулар жана эксперттер 20-январда бүткүл дүйнөдө өтө турган Эл аралык аялдар маршына тилектештик кылып, Бишкектин Чүй жана Абдырахманов көчөсүнүн кесилишинен Борбордук аянтка чейин жүрүшкө чыгышмак. Мэриянын тыюусуна байланыштуу алар акциясын Чүй көчөсүндөгү скверде, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өткөрүшөт. Акция саат 15:00дө башталат.
Акция өлкөдө болуп жаткан эрте никелешүү, кыз уурдоо, көп аял алуу, педофилия, үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулук, кулчулукка мажбурлоо жана киши сатуу көрүнүштөрүнүн алдын алууну максат кылат. “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы билдиргендей, 20-январда дүйнөнүн 600 шаарында алты миллиондой аялдар жана шериктештер жүрүшкө чыгышат. (ErN)